13:49, 19-март, 2026
Учурда окулуп жатат
13:24, 19-март, 2026 (215 адам окуп жатат)
Видео - Ташиев суралып жаткан ИИМдин Тергөө кызматы
10:48, 19-март, 2026 (53 адам окуп жатат)
Камчыбек Ташиев өлкөгө келип, сурак берип жатат
19:53, 18-март, 2026 (11 адам окуп жатат)
Бакыт Төрөбаев жаңы кызматка дайындалды
18:54, 18-март, 2026 (6 адам окуп жатат)
Ош шаарында төрт эм төрөлдү

Кыргызстандан Кытайга биринчи жолу жүгөрү экспорттолду

На русском
10:40, 19-март, 2026 172

АКИpress - Кыргызстандан Кытай Эл Республикасына жүгөрү экспорттолуп баштады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Тактап айтканда 16-мартта жүгөрүнүн алгачкы партиясы жөнөтүлдү. Партиянын жалпы көлөмү 25 тоннаны түзөт. 

Экспорттун башталышы 2022-жылдын 15-сентябрында Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда кол коюлган жүгөрүгө карата фитосанитардык талаптар жөнүндө протоколдун алкагында ишке ашырылды. Бул документ эки өлкө ортосунда айыл чарба продукцияларын экспорттоо үчүн укуктук негиз түзүп, эл аралык стандарттардын сакталышын камсыздайт.

Бүгүнкү күндө Кытайга жүгөрү экспорттоо укугуна эки ата мекендик ишкана ээ. 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»