13:51, 19-март, 2026
Учурда окулуп жатат
13:24, 19-март, 2026 (227 адам окуп жатат)
Видео - Ташиев суралып жаткан ИИМдин Тергөө кызматы
10:48, 19-март, 2026 (54 адам окуп жатат)
Камчыбек Ташиев өлкөгө келип, сурак берип жатат
19:53, 18-март, 2026 (17 адам окуп жатат)
Бакыт Төрөбаев жаңы кызматка дайындалды

Бишкекте Жаш Гвардия менен Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде канча объект бузулат?

На русском
10:27, 19-март, 2026 261

АКИpress - Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев Жаш Гвардия бульварынын боюнда жайгашкан ишкердик субъекттеринин ээлери менен жолугушуу өткөрдү. Бул жолугушуу жол куруу долбоорунун алкагында уюштурулду.

Мэрия билдиргендей, азыркы учурда курулуш пландалган аймактагы жер тилкелеринин статусу аныкталды. Жалпысынан 64 объект курулуш жүрчү аймакка кирет. Алардын ичинен:

16 объектте жер тилкесине мамлекеттик акт бар;

1 объектте 49 жылдык жашыл китеп бар;

2 объектте 5 жылдык жашыл китеп бар.

Калган объекттер боюнча документтерди тактоо иштери уланууда.

Жолугушуунун жыйынтыгында 24-мартта мэрияда кайрадан жолугушуу өткөрүү чечими кабыл алынды. Анда жер ээлерине компенсация төлөө маселеси талкууланат.

Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментине курулуш учурунда шаар тургундары үчүн альтернативдүү жол уюштуруу тапшырмасы берилди.

Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгына курулушка тоскоол болгон объекттерди бузуу иштерин тездетүү милдети жүктөлдү.

Курулуш иштерин 2026-жылдын апрель айында баштоо пландалууда.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»