20:21, 19-март, 2026

Израил Ирандын газ кенине сокку урду

На русском
10:19, 19-март, 2026 414

АКИpress - Израил Перс булуңунун жээгиндеги Ирандын газ өнөр жайына таандык объектилерге сокку урду. Ирандын «Tasnim» жана «Mehr» маалымат агенттиктери билдиргендей, Асалуйе шаарына жакын жердеги Түштүк Парс газ кенине кол салуу болгон.

«Axios» булактарына шилтеме кылып, соккулар АКШ менен макулдашылганын билдирди. «Tasnim» агенттиги Бушер провинциясынын вице-губернаторуна шилтеме кылып, бир нече газ казып алуучу объектталкаланганын кабарлады. Бийликтер калкты талкаланган объектилерге жакындабоону эскертти.

Иран мамлекеттик телеканалынын маалыматы боюнча, авиасоккулардын натыйжасында Перс булуңундагы ири газ кенин иштетүүчү жабдыктар талкаланып, өрт чыккан. 

Асалуйеге жакын жерде дүйнөдөгү эң ири Түштүк Парс газ кени жайгашкан, аны Иран жана Катар бөлүшөт. Бул аймак ирандык энергетика үчүн өтө маанилүү жана өлкөнүн ички газ менен камсыздоосунун 70% түзөт. Иран казып алган жаратылыш газынын дээрлик баары ички керектөөгө багытталган.

Иран өзүнүн газ өнөр жайына сокку урулгандан кийин агрессиянын булагына катуу сокку урууну жана кол салуулар жасалган өлкөлөрдүн күйүүчү май, энергетика жана газ инфраструктурасына кол салуу менен коркутту. Ирандын мамлекеттик телеканалы Сауд Арабия, Катар жана Бириккен Араб Эмираттарынын мунай-газ объектилерин камтыган буталардын тизмесин жарыялады. Аларга жакынкы сааттарда кол салуу пландалууда.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»