16:17, 19-март, 2026

Ишкердин бизнеси тартып алынган, - депутат

На русском
10:16, 19-март, 2026 809

АКИpress - 2025-жылы тигүү тармагында иштеген ишкердин мекемеси мыйзамсыз тартып алынган, деди бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Бурул Аманова.

«Ал жигит мага кайрылган болчу, мен болсо катты бул жакка жолдогом. Бирок жыйынтык болбоду, имаратты бошотуп чыгып кет деген талапты коюп жатыптыр. Бул Кыргызстанга белгилүү компания, "КулБроз" компаниясынын филиалы», - деген депутат маселени протоколдук тапшырма берип, тийиштүү ведомстволорго каратып берүүнү өтүндү.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»