11:53, 19-март, 2026

Футбол: Чемпиондор лигасында чейрек финалчылар аныкталды

На русском
10:13, 19-март, 2026 259

АКИpress - 2025-2026-жылкы футболдук сезондо Европанын Чемпиондор лигасынын чейрек финалдык баскычына чыккан командалар аныкталды.

1/8 финалдагы жооптук беттештер 17-18-мартта өттү.

Португалиялык «Спортинг» Норвегиянын «Буде-Глимт» командасын утуп, кийинки баскычка чыкты.  Лиссабондуктар биринчи оюнду 0:3 эсебинде уттурганына карабастан, жооптук беттеште  негизги убакытта 3 гол киргизип, кошумча убакытта дагы эки гол жаратып, 5:0 эсебинде жеңишке жетти.

«Ливерпуль» «Галатасарайга» конокто 0:1 эсебинде утулуп калгандан кийин, өз үйүндө 4:0 эсебинде ишенимдүү түрдө жеңишке ээ болду. 

«Тоттенхэм» Лондондогу жооптук беттеште «Атлетикону» 3:2 эсебинде утуп алганы менен, кийинки баскычка чыга алган жок. Биринчи оюнду мадриддик клуб өз үйүндө 5:2 эсебинде жеңген.

Ошондой эле чейрек финалга «Реал», ПСЖ, «Арсенал», «Барселона» жана «Бавария» командалары чыгышты.

1/4 финалдын алгачкы беттештери 7-8-апрелде, жооптук оюндар 14-15-апрелде өтөт.

Финалдык оюн 30-майда Венгриянын Будапешт шаарында өткөрүлөт.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»