АКИpress - 20-марттан 22-мартка чейин милиция күчөтүлгөн режимде кызмат өтөйт. Бул тууралуу 19-мартта Ички иштер министрлигинде өткөн онлайн жыйында маалымдалганын ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Коомдук жерлерде, мечиттердин жанында жана Орозо айт жана Нооруз майрамдарына карата өткөрүлүүчү иш-чараларда милициянын кайгуул кызматкерлеринин саны көбөйтүлөт. Жалпы 12 миңден ашык милиция кызматкери тартылат.