16:19, 21-март, 2026

Депутаттар 23-27-мартка чейин аймактарда иштейт

На русском
11:26, 21-март, 2026 206

АКИpress - Жогорку Кеңештин депутаттары 23-27-март күндөрү аймактарда иштей турганын парламенттин 18-марттагы отурумунда төрага Марлен Маматалиев билдирди.

Ал жергиликтүү бийлик жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн ыңгайы үчүн бир шайлоо округундагы депутаттарды шайлоочулар менен мүмкүн болушунча бир мезгилде жолугушууга чакырды. 

Маматалиев бир облуста бир нече округ бар экенин эске салды.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»