03:57, 19-март, 2026

Улугбек Ормонов «Эл үмүтү-Ата Журт» депутаттык тобуна кошулду

На русском
17:19, 18-март, 2026 449

АКИpress - Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов 18-мартта парламенттин жыйынында депутаттык топтун лидери Дастан Жумабеков билдиргендей, «Эл үмүтү-Ата Журт» депутаттык тобунун курамына кирди.

Депутат Ормонов Курманкул Зулушевдин ордуна №10 округдан бошогон депутаттык орунга келди.

Парламентте жалпысынан 5 депутаттык топ бар: «Ала-Тоо», «Ишеним», «Ынтымак-Мекенчил», «Элдик», «Эл үмүтү-Ата Журт».

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»