00:02, 19-март, 2026

Тариэл Жоробеков Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын директорлор кеңешинин мүчөсү болду

На русском
16:38, 18-март, 2026 241

АКИpress - 18-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын директорлор кеңешинин мүчөлүгүнө Тариел Жоробековдун талапкерлигин колдоп беришти.

Чечим депутаттардын бир добуштан колдоосу менен кабыл алынды.

Эми Тариэл Жоробеков Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын директорлор кеңешинин курамына кирет. Аталган банк мамлекеттик насыялоо программаларын ишке ашыруу, экономиканын артыкчылыктуу секторлорун колдоо жана инфраструктуралык долбоорлорду өнүктүрүү үчүн жооптуу.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»