15:39, 19-март, 2026
Учурда окулуп жатат
13:24, 19-март, 2026 (140 адам окуп жатат)
Видео - Ташиев суралып жаткан ИИМдин Тергөө кызматы
15:09, 19-март, 2026 (67 адам окуп жатат)
Камчыбек Ташиев сурактан чыкты
10:48, 19-март, 2026 (13 адам окуп жатат)
Камчыбек Ташиев өлкөгө келип, сурак берип жатат

Бишкекте 1 млн долларлык алдамчылыкка шектелген адам кармалды

На русском
14:43, 18-март, 2026 664

АКИpress - Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Арыз ээсинин айтымында, ал 29 даана «Тойота Камри» жана 24 даана «Чанган» үлгүсүндөгү унааларды алып келүү үчүн 1 млн 87 миң 750 доллар төлөгөн. Бирок убада аткарылбай, алданып калган.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, 1994-жылы туулган В.С. аттуу шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Милиция кармалган жарандын башка кылмыштарга да катышы болушу мүмкүн экенин жокко чыгарбайт. Буга байланыштуу укук коргоо органдары шектүүнүн аракеттеринен жапа чеккендерди же кандайдыр бир маалыматы барларды төмөнкү телефондор аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт: 0 (999) 10-27-07, 0 (706) 30-30-13 же 102.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»