08:29, 19-март, 2026
Учурда окулуп жатат
14:45, 18-март, 2026 (15 адам окуп жатат)
Ошто «Женгонун» 22 жаштагы өкүлү кармалды
19:53, 18-март, 2026 (12 адам окуп жатат)
Бакыт Төрөбаев жаңы кызматка дайындалды
18:54, 18-март, 2026 (4 адам окуп жатат)
Ош шаарында төрт эм төрөлдү

Бишкекте 1 млн долларлык алдамчылыкка шектелген адам кармалды

На русском
14:43, 18-март, 2026 621

АКИpress - Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Арыз ээсинин айтымында, ал 29 даана «Тойота Камри» жана 24 даана «Чанган» үлгүсүндөгү унааларды алып келүү үчүн 1 млн 87 миң 750 доллар төлөгөн. Бирок убада аткарылбай, алданып калган.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, 1994-жылы туулган В.С. аттуу шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Милиция кармалган жарандын башка кылмыштарга да катышы болушу мүмкүн экенин жокко чыгарбайт. Буга байланыштуу укук коргоо органдары шектүүнүн аракеттеринен жапа чеккендерди же кандайдыр бир маалыматы барларды төмөнкү телефондор аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт: 0 (999) 10-27-07, 0 (706) 30-30-13 же 102.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»