18:26, 18-март, 2026

Президент Чет өлкөлөргө гуманитардык жардам көрсөтүүнү координациялоо боюнча комиссия түздү

На русском
14:14, 18-март, 2026 208

АКИpress - Садыр Жапаров 2026-жылдын 13-мартындагы № 111 жарлыгы менен чет өлкөлөргө эл аралык жана гуманитардык жардам көрсөтүүнү координациялоо боюнча комиссия түздү.

Документ комиссия жөнүндө жобону жана анын курамын бекитет. Жаңы орган «Эл аралык өзгөчө кырдаалдар жөнүндө» мыйзамынын алкагына кирбеген чет өлкөлөргө жардам көрсөтүү учурларын координациялайт.

Жарлык расмий жарыялангандан жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Комиссиянын курамы

  • Министрлер Кабинетинин төрагасынын социалдык маселелерди тейлеген орун басары, комиссиянын төрагасы;
  • тышкы иштер министринин биринчи орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары;
  • згөчө кырдаалдар министринин орун басары;
  • эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары;
  • финансы министринин орун басары;
  • экономика жана коммерция министринин орун басары;
  • президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн эксперти.

Кыргыз Республикасы тарабынан чет өлкөлөргө эл аралык жана гуманитардык жардам көрсөтүүнү координациялоо боюнча комиссия жөнүндө жобо

1. Жалпы жоболор

1. Ушул жобо Кыргыз Республикасы тарабынан чет өлкөлөргө эл аралык жана гуманитардык жардам көрсөтүүнү координациялоо боюнча комиссиянын (мындан ары - комиссия) иш тартибин аныктайт.

Комиссия мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасы тарабынан чет өлкөлөргө эл аралык жана гуманитардык жардам көрсөтүү маселелерин кароодогу аракеттерин шайкеш жүргүзүү максатында түзүлгөн жамааттык координациялык орган болуп саналат.

Комиссия өз ишин коомдук негизде жүргүзөт жана мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык уюмдар жана чет өлкөлөр менен өз ара аракеттенүүдө иштейт.

2. Эл аралык жана гуманитардык жардам көрсөтүү президенттин комиссиянын чечими/сунушунун негизинде кабыл алынган чечими боюнча ишке ашырылат.

2. Комиссиянын милдеттери жана функциялары

3. Комиссиянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- Кыргыз Республикасы тарабынан чет өлкөлөргө эл аралык жана гуманитардык жардам көрсөтүү маселелерин координациялоо;

- эл аралык жана гуманитардык жардам көрсөтүүнүн формалары, көлөмү жана багыттары боюнча макулдашылган чечимдерди иштеп чыгуу;

- көрсөтүлүүчү эл аралык жана гуманитардык жардамдын даректүүлүгүн жана максаттуулугун камсыздоо.

4. Комиссия төмөнкү функцияларды аткарат:

- чет өлкөлөргө эл аралык жана гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча кайрылууларды жана сунуштарды карайт;

- эл аралык жана гуманитардык жардам көрсөтүүнүн актуалдуулугу жөнүндө чечим кабыл алат жана аларды президенттин кароосуна киргизет;

- эл аралык жана гуманитардык жардам көрсөтүүнүн формалары, көлөмү, булактары жана тартиби боюнча президентке сунуштарды даярдайт;

- президент чечим кабыл алгандан кийин эл аралык жана гуманитардык жардамды даярдоо, түзүү жана жөнөтүүдө мамлекеттик органдардын аракеттерин координациялайт;

- чет өлкөлөргө эл аралык жана гуманитардык жардам көрсөтүү бөлүгүндө президенттин чечимдеринин аткарылышына мониторинг жүргүзөт.

3. Комиссиянын түзүмү

5. Комиссия төрагадан, төраганын орун басарынан, катчыдан жана комиссия мүчөлөрүнөн турат. Комиссиянын төрагасы:

- Комиссиянын ишин жетектейт;

- Комиссиянын жыйналыштарынын күн тартибин бекитет;

- Комиссиянын чечимдерине кол коет жана аларды президенттин кароосуна киргизет.

Комиссиянын төрагасынын орун басары:

- төрага жок учурда анын милдеттерин аткарат;

- Комиссиянын жыйналыштарына материалдарды даярдоону уюштурат.

Комиссиянын катчысы:

- Комиссиянын ишин уюштуруу-техникалык жактан коштойт;

- Комиссиянын жыйналыштарынын протоколдорун жана чечимдерин толтурат.

Комиссиянын мүчөлөрү:

- Комиссиянын жыйналыштарына катышат;

- Комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштарды беришет;

- Комиссиянын жыйналыштарында каралган маселелер боюнча добуш беришет.

6. Комиссиянын жыйналыштары зарылчылыкка жараша өткөрүлөт.

7. Комиссиянын иш регламенти комиссия тарабынан бекитилет.

4. Финансылык жактан камсыздоо

8. Кыргыз Республикасы тарабынан чет өлкөлөргө эл аралык жана гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды каржылоо президенттин фондунун каражаттарынан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттардан президенттин чечими боюнча жүзөгө ашырылат.

5. Комиссиянын ыйгарым укуктары

9. Комиссия өзүнүн компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:

1) мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана чет өлкөлөрдүн Кыргыз Республикасы тарабынан эл аралык жана гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча кайрылууларын, сунуштарын жана демилгелерин кароого;

2) чет өлкөлөргө, эл аралык уюмдарга жана агенттиктерге эл аралык жана гуманитардык жардам көрсөтүүнүн актуалдуулугу жөнүндө чечим кабыл алууга жана аларды президенттин кароосуна киргизүүгө;

3) президентке төмөнкү сунуштарды берүүгө:

- эл аралык жана гуманитардык жардамдын формалары, көлөмү жана багыттары жөнүндө;

- эл аралык жана гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды каржылоо булактары жөнүндө;

- эл аралык жана гуманитардык жардамды даярдоо жана ишке ашырууда мамлекеттик органдарды тартуу жөнүндө;

4) Президенттин эл аралык жана гуманитардык жардам көрсөтүү жөнүндөгү чечимдерин даярдоо жана ишке ашырууда мамлекеттик органдардын аракеттерин координациялоого;

5) мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан комиссиянын компетенциясына кирген маселелерди кароо үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды белгиленген тартипте суратууга;

6) зарыл учурда жумушчу топторду түзүүгө жана сунуштарды жана корутундуларды даярдоо үчүн эксперттерди, адистерди жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн тартууга;

7) эл аралык жардам көрсөтүү бөлүгүндө президенттин чечимдеринин аткарылышына мониторинг жүргүзүүгө жана алардын аткарылышынын жыйынтыктарын кароого;

8) координациялык компетенциясынын чегинде мамлекеттик органдардын эл аралык жана гуманитардык жардам көрсөтүүгө багытталган каражаттарды жана материалдык ресурстарды пайдалануу жөнүндөгү отчетторун кароого.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»