АКИpress - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Жумгалбек Шабданбеков 18-мартта «АКИpress» агенттигине берген маегинде ведомстводо жүргүзүлүп жаткан реформалар, бизнес менен өз ара аракеттенүү, коррупцияга каршы күрөшүү, кадрларды «тазалоо» иштери тууралуу айтып берди. Ошондой эле сыр маалыматтын чыгып кетиши жана улуттук коопсуздукка байланыштуу маселелерге да токтолду.
- Саламатсызбы, Жумгалбек Кумарович! Соңку апталарда УКМКдагы реформалар жөнүндө сөз болуп жатат. Реформалардын зарылчылыгы эмнеден улам келип чыкты жана кандай аша чабуулар болду?
- Саламатсызбы! Өзүңүздөр билгендей, буга чейин УКМКда структуралык жана уюштуруу-штаттык реформалар болгонун белгилеген элем. Бул биринчи кезекте мамлекет башчысы койгон жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу милдети менен байланыштуу, анткени дүйнө өзгөрүп жатат, мамлекеттик институттар да жаңыланышы керек. Атайын кызматтар биринчи кезекте элдин кызыкчылыгын коргоого, өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыздоого багытталып, адамдар тышкы жана ички коркунучтардан корголгондугун сезиши керек.
Улуттук коопсуздук органдарында реформаларды ишке ашыруунун алкагында комитеттин жеке курамы президент Садыр Жапаровдун реформасын колдоп жатканын өзгөчө белгилегим келет. Алар муну заманбап, таза жана мыйзамдуу иштеген кесипкөй түзүмдү куруу мүмкүнчүлүгү катары көрүшөт, башкача айтканда, биз өз башатыбызга, негизги кызматтык милдеттерибизге кайтып жатабыз.
Көрүнүп тургандай, Жакынкы Чыгыштагы кырдаал жакшы эмес. Кыргыз Республикасынын позициясы БУУнун уставына жана эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине ылайык, бул аймактагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча дүйнөлүк коомчулуктун аракеттерин бириктирүүнү жактап турат.
Ушул максатта жамааттык коопсуздуктун ар кандай аянтчаларынын (ЖККУ, ШКУ ж.б.) алкагында атайын кызматтардын башчыларынын ортосунда үзгүлтүксүз консультациялар жүрүп, тараптар аймактагы азыркы кырдаал жөнүндө маалымат алмашып турушат. Жакынкы Чыгыштагы процесстердин ЖККУга мүчө мамлекеттердин коопсуздугуна тийгизген таасирин талдоого, макулдашылган мамилелерди иштеп чыгууга жана уюмдун атайын кызматтарынын өз ара аракеттенүүсүн бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурулат. Мындай чаралар келип чыккан коркунучтарга өз убагында жооп берүүгө жана ЖККУнун жоопкерчилик аймагындагы жамааттык коопсуздуктун деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк берет.
- Реформалардан кийин УКМКнын коррупция жана экономикалык кылмыштар менен күрөшүү ыйгарым укуктары сакталабы?
- Акыркы учурда бул теманы кызыкдар адамдар массалык маалымат каражаттары жана социалдык тармактар аркылуу активдүү көтөрүп чыгышууда, бирок күн тартибинде бул маселе жок. Азыркы учурда УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Кылмыш-жаза жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодекстеринин чегинде иш алып барып жатат.
Ал эми Тергөө комитетинин түзүлүшү тууралуу биринчи жолу мамлекет башчысынын «Кабар» агенттигине берген интервьюсунда айтылган. Менин билишимче, көз карандысыз Тергөө комитетин түзүү [мындан ары – ТК] президенттик администрациянын алдындагы атайын топ тарабынан каралып, изилденип жатат, бирок ТКнын конкреттүү түзүлө турган күнү жана убактысы мага белгисиз.
- УКМКнын бизнеске карата саясаты кандай өзгөрөт? Анткени азыркы учурда УКМКнын иш-аракеттерине бизнес-коомчулук тарабынан көп даттануулар келип түшүүдө.
- Сиздин сурооңузга жооп берүүдөн мурда, дагы бир жолу эскертким келет, УКМК коркутуу идеологиясынан укуктук ыкмаларга жана ведомствону саясатташтырбоого өтүп жатат. Президенттин талаптарынын бири – ишкерлерге негизсиз текшерүүлөрдү жана кысымды токтотуу болгон. Ошол эле президенттин тапшырмасын аткаруу үчүн 2026-жылдын январь айынан баштап ишкерлерди негизсиз текшерүү токтотулду.
Ушуга байланыштуу 18-мартта мен Кыргызстандын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү менен (курулуш тармагы, фармацевтика, банк тармагы, холдингдер ж.б.) жолугушуу өткөрдүм. Жолугушуу достук маанайда өттү, ишкерлер өз сунуштарын жана пикирлерин билдиришти, биз дагы айрым нерселерди карап чыгып, бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүшүбүз керек.
Мыйзамсыз аракеттерге жол берген кызмат адамдары же ишкерлерге карата административдик тоскоолдуктар аныкталган учурда, мындай фактылар мыйзам чегинде каралат, тийиштүү укуктук баа берилет.
Ошол эле учурда эгерде ишкерлер арасында мыйзамсыз иш жүргүзгөн жана кылмыштуу схемаларга аралашкан адамдар аныкталса, алар да мыйзамда каралган жоопкерчиликке тартылат.
Мамлекеттин жана бизнестин өз ара урматы гана экономиканын туруктуу өнүгүшүн жана өлкөнүн бакубат жашоосун камсыз кыла алат.
Мындай жолугушуулар ачык диалог үчүн ишенимдүү жана натыйжалуу аянтча болуп калат, анда ишкерлердин пикирлерин угуп, учурдагы көйгөйлөрдү талкуулоого болот. Мен мындан ары зарылчылыкка жараша бизнес-коомчулук менен мындай жолугушууларды өткөрүүгө даярмын.
- Социалдык тармактарда УКМКнын учурдагы жана мурдагы кызматкерлерине байланыштуу, аларды кызматтык кылмыштар үчүн айыптаган «слив» пайда болууда. Буга кандай комментарий бересиз? Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери жоопко тартылабы?
- Мыйзам алдында бардыгы тең. Эгер кимдир бирөө мыйзамды бузса, анда ал жооп берүүгө тийиш. Маалыматтардын чыгып кетиши тергөө же башка өндүрүштүн алкагында чечим кабыл алуу үчүн процессуалдык абал же юридикалык негиз катары каралбайт. Маалымат мейкиндигинде жайылтылган мындай маалыматтар көбүнчө текшерилбеген мүнөздө болуп, тергөөнүн расмий материалдары менен тастыкталбайт.
Процессуалдык чечимдер далилдерге жана колдонулуп жаткан мыйзам талаптарына ылайык гана кабыл алынат. Ошондуктан ар кандай маалыматтык чабуулдар же «слив» тергөөнүн жүрүшүнүн объективдүү көрсөткүчү же процессуалдык статус катары каралбайт.
Бирок тийиштүү бааны УКМКнын өздүк коопсуздук кызматы, Аскер прокуратурасы жана сот органдары мындай маалыматтарды кылдат текшергенден кийин бере алышат.
Дагы бир жолу баса белгилегим келет, УКМКнын кызматкерлеринин көпчүлүгү – 99%га жакыны мыйзам талаптарын жана мамлекеттин кызыкчылыктарын жетекчиликке алып, кызматтык милдеттерин чынчылдык жана жоопкерчилик менен аткарышат. Алардын күнүмдүк иши улуттук коопсуздукту камсыздоого, өлкөнүн конституциялык түзүлүшүн жана коомдук тартибин коргоого багытталган.
Ошол эле учурда, кайсы системада болбосун, айрым кызматкерлер тарабынан одоно мыйзам бузуулар болушу мүмкүн. Бирок, бул азчылыктын аракеттеринен улам кулуттук коопсуздук органдарынын бүтүндөй системасына терс мамиле жаратпашы керек. Учурда мындай чынчыл эмес улуттук коопсуздук кызматкерлерин тазалоо иштери жүрүп жатат.
УКМКнын ишин объективдүү баалоо зарыл, мамлекет жана коом алдында чынчылдык жана кесипкөйлүк менен милдетин аткарган кызматкерлердин көпчүлүгүнүн ишине негизделиши керек.
- УКМКны уюшкан түрдө жана бир борбордон каралоо жүрүп жатат деп айта аласызбы?
- Албетте, улуттук коопсуздук органдарынын системасындагы чынчыл эмес кызматкерлерди аныктоо жана кармоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин фонунда, кызыкдар күчтөр тарабынан УКМКнын ишин максаттуу дискредитациялоо аракеттери көрүлүүдө.
Ошол эле учурда, бузууларга жол берген адамдарды жоопко тартуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар, тескерисинче, жетекчиликтин принциптүү позициясын жана системаны тазалоо, улуттук коопсуздук органдарынын ишинде ачык-айкындуулукту жогорулатуу аракетин далилдейт.
Айрым фактыларды системалуу көйгөй катары көрсөтүү аракеттери спекулятивдик мүнөзгө ээ жана мамлекеттик институттарга болгон коомдук ишенимди солгундатууга багытталган. Ушуга байланыштуу, коомчулук үчүн болуп жаткан процесстерди объективдүү баалоо жана маалыматтык чагымдарга алдырбоо маанилүү.
- Акыркы апталарда жогорку кызматтагы чиновниктердин, депутаттардын ж.б. телефондук сүйлөшүүлөрү көп чыгып жатат. Бул улуттук коопсуздукка түздөн-түз таасир этет. Муну ким жасап жатат жана УКМК тергөө жүргүзүп жатабы?
- Колдонулуп жаткан мыйзамдарга ылайык жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча, УКМК аталган материалдардын келип чыгуу булактарын, ошондой эле аларды мыйзамсыз жайылтууга тиешеси бар адамдарды аныктоо үчүн техникалык жана эксперттик жардам көрсөтө алат.
Белгилеп кетким келет: жеке сүйлөшүүлөрдү мыйзамсыз алуу жана жайылтуунун ар кандай фактылары мыйзамда белгиленген тартипте укуктук баалоого жатат. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, жарандарды жана жалпыга маалымдоо каражаттарын өкүлдөрүн текшерилбеген маалыматтарды жайылтпоого жана расмий булактарга гана таянууга чакырат элем.
Менин билишимче, бул багытта биздин ИИМ кесиптештерибиз активдүү жана жемиштүү иш алып барышууда, жана бардык аракеттер мыйзам ченемдерин жана процессуалдык талаптарды сактоо менен, так укуктук талаада жүргүзүлүшү керек.
- 11-февралдан бери канча УКМК кызматкери жумуштан бошотулду?
- УКМКнын өздүк коопсуздук кызматы бул багытта үзгүлтүксүз тийиштүү иштерди жүргүзүп турат. Биз мурда кабарлагандай, УКМК ички иликтөө жүргүзгөн, анын жыйынтыгы менен катаал тартиптик чаралар көрүлдү:
- 7 кызматкер УКМКдан бошотулду;
- 83 кызматкер ээлеген кызматтарынан алынып, запаска чыгарылды;
- 6 кызматка талапкер талапкерлердин тизмесинен чыгарылды;
- 13 кызматкер ар кандай тартиптик жазаларга тартылды.
Бул багыттагы иштер уланууда.