АКИpress - Баткен облусунда алимент төлөөдөн качкан жаран 2 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматы билдирди.
Баткен районунун сот аткаруучулар кызматынын өндүрүшүнө М.У.Ж. аттуу карызкордон өндүрүүчүнүн пайдасына кирешесинин 1/3 бөлүгү өлчөмүндө алимент өндүрүү тууралуу аткаруу барагы түшкөн.
«Сот аткаруучулар кызматы тарабынан көрүлгөн чараларга карабастан, карызкор соттун чечимин тийиштүү деңгээлде аткарган эмес. 2022-жылдын 1-январынан 2025-жылдын 1-сентябрына чейинки мезгил аралыгында алимент боюнча карызы 313 миң 833 сомду түзгөн», - деп айтылат маалыматта.
Бул факт боюнча тергөө органы тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлгөн. Кылмыш иши соттун кароосуна жиберилип, анын жыйынтыгында Баткен облустук сотунун 2026-жылдын 12-мартындагы чечими менен М.У.Ж. КР Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренесинин 2-бөлүмү (Ата-энелердин балдарын багуудан качуусу) боюнча күнөөлүү деп табылды. Ал 2 жылга эркинен ажыратылып, сот залынан камакка алынды.