АКИpress - Бүгүн, 18-мартта Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети Руслан Сүйналиевдин каржы министри кызматына талапкерлигин жактырды.
Буга чейин ал каржы министринин биринчи орун басары кызматын аркалап келген.
Белгилүү болгондой, бүгүн ошол эле комитет мурда каржы министри болуп иштеген Алмаз Бакетаевдин Улуттук банктын жетекчисинин кызматына талапкерлигин жактырды.
Ал учурдагы кызматына Министрлер кабинетинин ошол учурдагы төрагасы А.Жапаровдун тескемеси менен 2022-жылдын 28-сентябрында дайындалган.