18:37, 19-март, 2026
Учурда окулуп жатат
10:48, 19-март, 2026 (8 адам окуп жатат)
Камчыбек Ташиев өлкөгө келип, сурак берип жатат

Бишкекте жумушка орноштуруу агенттиктери айыпка жыгылды

На русском
12:43, 18-март, 2026 342

АКИpress - Иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин ишинде мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

16-17-март күндөрү милиция кызматкерлери Чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу борбору менен биргеликте Кыргызстандын жарандарын чет өлкөгө жумушка жөнөткөн жеке агенттиктерди текшерүүгө алышкан.

Айрым агенттиктер колдонуудагы мыйзамдарда каралган тиешелүү уруксат кагаздары жок иштеп жаткандыгы аныкталган. Буга байланыштуу беш агенттиктин иши токтотулду.

«Аталган субъекттерге карата административдик таасир этүү чаралары колдонулуп, мыйзамда белгиленген тартипте жоопко тартылышты. Ар бир юридикалык жакка 55 миң сомдон айып пул салынды. Салынган айып пулдардын жалпы суммасы 275 миң сомду түздү», - деп жазылган маалыматта.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»