АКИpress - Ички иштер министрлиги “Prevention Media” коомдук фонду менен өнөктөштүктө жана БУУнун Өнүгүү программасынын колдоосу менен экстремизмге каршы аракеттенүүгө багытталган эки жаңы окуу-методикалык колдонмону иштеп чыкты.
Бул демилге КРнын «Экстремисттик ишмердүүлүккө каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамын ишке ашыруу жана Министрлер Кабинетинин 2023–2027-жылдарга каралган мамлекеттик программасынын алкагында жүзөгө ашырылды.
ИИМ коомдук коопсуздукту камсыздоо жана экстремисттик идеологиянын жайылышына бөгөт коюу максатында бул колдонмолорду иштеп чыгууга түздөн-түз катышты.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги бул практикалык колдонмолорду аймактардагы журналисттер жана медиа өкүлдөрү арасында жайылтууну колго алат. Бул өлкөнүн алыскы райондорундагы маалыматтык чөйрөнүн коопсуздугун чыңдоого багытталган.
Максаты — журналисттерге, блогерлерге сезимтал темаларды чагылдырууда «кастык тилин» колдонбоо жана радикалдашуу тобокелдиктерин азайтуу боюнча практикалык куралдарды берүү.
Бул практикалык колдонмолор менен фонддун расмий сайтынан таанышууга болот: https://preventionmedia.org