18:34, 18-март, 2026

Эмгек министринин жаңы орун басары Мирланбек Байгончоковдун эмгек жолу

На русском
12:02, 18-март, 2026 318

АКИpress - Байгончоков Мирланбек Конушбекович 17-мартта эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары болуп дайындалды.

Кыскача өмүр баяны:

Мирланбек Байгончоков 1974-жылдын 25-сентябрында туулган.

Билими:

  • 1991-1995 — Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, адистиги: каржы жана кредит.

Эмгек жолу:

  • 1995-1999 — Каржы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын кассалык операциялар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси, башкы адиси;
  • 1999-2000 — Каржы министрлигинин мамлекеттик карыз жана активдер башкармасынын төлөмдөрдү мониторингдөө бөлүмүнүн башчысы;
  • 2000-2001 — Каржы министрлигинин тышкы экономикалык саясат башкармасынын мамлекеттик инвестициялар долбоорлорун баалоо бөлүмүнүн башчысы;
  • 2001-2004 — Каржы министрлигинин мамлекеттик инвестициялар долбоорлору программасынын башкармасынын финансылык мониторинг бөлүмүнүн башчысы;
  • 2004-2006 — Каржы министрлигинин мамлекеттик инвестициялар долбоорлору программасынын башкармасынын башчысы;
  • 2006-2007 — Каржы министрлигинин мамлекеттик инвестициялар саясаты башкармасынын мамлекеттик инвестициялар долбоорлорун мониторингдөө бөлүмүнүн башчысы;
  • 2007-2009 — Каржы министрлигинин тышкы жардамды координациялоо жана эл аралык кызматташтык башкармасынын башчысы;
  • 2009-2010 — Инвестицияны өнүктүрүү жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин бюджет кызматы, тышкы экономикалык байланыштар кызматынын эксперт-жетекчиси;
  • 2010 — Каржы министрлигинин инвестициялык долбоорлорду пландоо жана ишке ашыруу башкармасынын башчысы;
  • 2010-2020 — Каржы министринин орун басары;
  • 2021-жылдын сентябры – 2022-жылдын февралы — Бишкек шаарынын вице-мэри;
  • 2022-жылдын февралы – 2026-жылдын марты — Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри;
  • 2026-жылдын марты — Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары.

Класстык чини: Мамлекеттик жарандык кызматтын III класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»