01:40, 19-март, 2026

Бишкектин биринчи вице-мэри Кубанычбек Иманалиевдин эмгек жолу

На русском
11:54, 18-март, 2026 491

АКИpress - Иманалиев Кубанычбек Бактыбекович 18-мартта Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалды.

Кыскача өмүр баяны:

1988-жылдын 18-январында туулган.

Билими:

  • Бишкек финансы-экономикалык академиясы, Каржы жана кредит кафедрасы, финансылык менеджмент адистиги, экономист квалификациясы.

Эмгек жолу:

  • 2011-жылдын апрель – октябрь айлары — IPF консалтинг компаниясынын улук консультант-аналитиги;
  • 2011-жылдын октябрь – 2012-жылдын май айлары — IPF консалтинг компаниясынын консультант-аналитиги;
  • 2012-жылдын май – 2013-жылдын май айлары — Финансы министрлигинин Казыналык башкармалыгынын Биринчи май райондук бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
  • 2013-жылдын май – 2015-жылдын март айлары — Финансы министрлигинин Казыналык башкармалыгынын Биринчи май райондук бөлүмүнүн башкы адиси;
  • 2015-жылдын март – 2017-жылдын август айлары — Финансы министрлигинин Ички аудит жана бухгалтердик эсеп методологиясы башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
  • 2017-жылдын август – 2019-жылдын январь айлары — өкмөт аппаратынын Финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө убактылуу жиберилген кызматкер;
  • 2019-жылдын январь – 2021-жылдын март айлары — өкмөт аппаратынын Финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнүн эксперти;
  • 2021-жылдын март – май айлары — Министрлер кабинетинин Экономика жана финансы бөлүмүнүн эксперти;
  • 2021-жылдын май – октябрь айлары — Президенттик администрациянын Экономика жана финансы бөлүмүнүн эксперти;
  • 2021-жылдын октябрь – 2023-жылдын февраль айлары — Президенттик администрациянын президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн эксперти;
  • 2023-жылдын февраль – 2026-жылдын февраль айлары — Манас шаарынын биринчи вице-мэри;
  • 2026-жылдын март айы — Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»