12:33, 18-март, 2026

Кыш заводунун аймагында жашаган 53 үй бүлө турак жайсыз калганы турат, - депутат

11:11, 18-март, 2026 225

АКИpress - Учурда Кызыл куруучу (Красный строитель) кыш заводунун аймагында жашаган 53 үй бүлө - 200дөн ашык адам кыйынчылыкка дуушар болуп жатат. Бул тууралуу депутат Улукбек Карыбек уулу Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди.

Депутат Финансы министрлиги Кубанычбек Сулайманов деген атайын администраторду жалдап, ал жашоочуларга тынчтык бербей жатат деген пикирин билдирди.

«Баягы административдик-аймактык реформанын алкагында, андан кийин мунапыстын алкагында ушул 53 үй бүлөнү коргоого алууну суранат элем. Муну президенттин көзөмөлүнө алууну суранам. Анткени бул жерде айрым топтордун кызыкчылыктары бар. Алар 20-25 жылдан бери жашап келген ошол жерде. Бирок, тилекке каршы, учурда үйлөрү буздурулары, сүрдүрүлөрү айтылып жатыптыр», - деди ал.

Депутат Бишкек мэриясы бул маселе боюнча конкреттүү иштерди жүргүзө албай турганын жана прокуратура тарабынан иш козголгонун белгиледи.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»