15:35, 18-март, 2026

Иран Израилге Ларижанинин өлүмүнө жооп катары сокку урду

На русском
11:09, 18-март, 2026 582

АКИpress - Ирандын улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин мурдагы катчысы Али Ларижанинин өлүмүнө жооп катары Израилдин аймагына массалык сокку урулганын Ислам революциясынын сакчылар корпусу (ИРСК) билдирди.

«Чыныгы убада 4» деп аталган бул операция жаңжал башталгандан берки жооп кайтаруу аракеттеринин 61-толкуну болуп калганын «Press-TV» кабарлады.

ИРСКнын маалыматы боюнча, Тель-Авивдин борборундагы 100дөн ашык бутага, анын ичинде аскердик жана күч түзүмдөрүнүн объектилерине сокку урулган. Корпус ракеталар Израилдин абадан коргонуу тутумунан эч кандай тоскоолдуксуз өткөнүн белгиледи. ИРСКнын эсебинде, соккулардын натыйжасында каршы тараптын 230дан ашык аскери каза болгон же жаракат алган. Тель-Авивден тышкары Иерусалим, Хайфа порту, Беэр-Шева жана Негев чөлүндөгү объектилер да чабуулга дуушар болгон.

Ошону менен бирге, Ирандын күчтөрү Катар, Бахрейн, БАЭ, Кувейт жана Сауд Арабиясындагы Американын аскердик базаларына сокку урганын ведомстводон белгилешти.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»