09:05, 19-март, 2026
Учурда окулуп жатат
19:53, 18-март, 2026 (18 адам окуп жатат)
Бакыт Төрөбаев жаңы кызматка дайындалды
08:31, 19-март, 2026 (11 адам окуп жатат)
Айт намаз эски аянтта өтөт
08:31, 19-март, 2026 (9 адам окуп жатат)
Доллар канча сомго сатылып жатат?

Айгүл Рыскулова ЕЭКтин департамент директору болуп дайындалды

На русском
10:49, 18-март, 2026 586

АКИpress - 11-мартта Айгүл Рыскулова Евразия экономикалык комиссиясынын Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу ЕЭКтин сайтында маалымдалды.

Рыскулова 1995-жылы Эмгек жана социалдык мамилелер академиясын аяктаган. Эмгек жолун Кыргызстандын сот тутумунда баштап, кийинчерээк Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинде жана Социалдык фонддо жетекчилик кызматтарда иштеген. 2005–2010-жылдары эмгек, иш менен камсыз кылуу жана миграция министри болгон. Кийинчерээк президенттин кеңешчиси, мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы, Бишкек шаарынын вице-мэри жана мэрдин милдетин убактылуу аткаруучу болуп иштеген. 2020–2024-жылдары Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү жана Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин Экономикалык кеңешине караштуу экономикалык маселелер боюнча комиссиянын төрайымы, Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалаган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»