02:07, 19-март, 2026

19-мартта Бишкектин түштүк бөлүгүндө суу болбойт

На русском
17:16, 18-март, 2026 270

АКИpress - Бишкектин түштүк аймагында 19-мартта суу болбойт, деп билдирди мэриянын басма сөз кызматы.

Таза сууну берүү саат 09:00дөн 21:00гө чейин турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо жана башка социалдык-тиричилик, өнөр жай объекттерине токтотулат.

Суу өчүрүлө турган аймак: И.Ахунбаев көчөсү — Абай көчөсү — Сүйөркулов көчөсү — Байтик баатыр көчөсү — Саманчин көчөсү — Масалиев көчөсү — Малдыбаев көчөсү.

Суу берүүнүн токтотулушу Д-300 мм суу түтүгүн көчүрүүгө байланыштуу.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»