12:01, 19-март, 2026
Учурда окулуп жатат
10:48, 19-март, 2026 (362 адам окуп жатат)
Камчыбек Ташиев өлкөгө келип, сурак берип жатат
19:53, 18-март, 2026 (183 адам окуп жатат)
Бакыт Төрөбаев жаңы кызматка дайындалды
14:45, 18-март, 2026 (36 адам окуп жатат)
Ошто «Женгонун» 22 жаштагы өкүлү кармалды

Бишкекте мототранспорт айдоочуларына текшерүү башталды

На русском
10:04, 18-март, 2026 254

АКИpress - Бишкекте мотоцикл, скутер жана мопед айдоочуларын текшерүү боюнча профилактикалык рейддик иш-чаралар башталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Рейддер күн жылыганына байланыштуу өткөрүлүп жаткандыгы белгиленет. Иш-чаранын жүрүшүндө инспекторлор айдоочулар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жол кыймылынын эрежелерин жана аларды сактоо зарылдыгын эскертишүүдө.

Ошондой эле транспорт каражаттарынын техникалык абалына да көңүл бурулууда. Эгерде кыймылдаткычтын көлөмү белгиленген ченемдерге жооп бербесе же тиешелүү документтери жок болсо, айдоочуларга карата укук бузуулар жөнүндө протоколдор түзүлөт.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»