03:58, 19-март, 2026

Бишкекте мототранспорт айдоочуларына текшерүү башталды

На русском
10:04, 18-март, 2026 241

АКИpress - Бишкекте мотоцикл, скутер жана мопед айдоочуларын текшерүү боюнча профилактикалык рейддик иш-чаралар башталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Рейддер күн жылыганына байланыштуу өткөрүлүп жаткандыгы белгиленет. Иш-чаранын жүрүшүндө инспекторлор айдоочулар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жол кыймылынын эрежелерин жана аларды сактоо зарылдыгын эскертишүүдө.

Ошондой эле транспорт каражаттарынын техникалык абалына да көңүл бурулууда. Эгерде кыймылдаткычтын көлөмү белгиленген ченемдерге жооп бербесе же тиешелүү документтери жок болсо, айдоочуларга карата укук бузуулар жөнүндө протоколдор түзүлөт.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»