03:13, 19-март, 2026

№27 абак толуп калгандыгы тууралуу маалыматка комментарий берилди

На русском
09:59, 18-март, 2026 1038

АКИpress - Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы Акыйкатчы институтунун №27 абак боюнча билдирүүсүнө комментарий берди.

ЖАМК аталган абак толуп калгандыгы тууралуу маалыматты четке какты.

Маалыматка ылайык, учурда №27 абакта 1200 орунга эсептелген жайга 1101 соттолгон жаран жайгаштырылган. Мекеменин жалпы аянты 7,27 гектарды түзөт.

Соттолгондор бир нече корпустарга жайгаштырылат. Аларга 980 орундуу үч турак имараты, экстремизм жана терроризм үчүн соттолгондор үчүн өзүнчө изоляцияланган бөлүмдөр, ошондой эле мурдагы укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн аймактар кирет. Мындан тышкары, чарбалык жумуштар менен алектенгендер үчүн өзүнчө корпус жана «Ак ниет» реабилитациялык борбору каралган.

ЖАМК жайгаштыруу шарттары мыйзам талаптарына жооп берерин белгиледи. Ченемдерге ылайык, бир соттолуучуга кеминде 2 чарчы метр, ал эми камералык жайларда 2,5 чарчы метрден кем эмес аянт тийиш.

Кызмат ошондой эле соттолуучулар Министрлер кабинетинин №636 токтомуна ылайык, төшөнчү буюмдары, гигиеналык каражаттар жана күнүнө 3 маал ысык тамак менен камсыз болуп жатканын кошумчалады.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»