12:38, 18-март, 2026

Иран таасирдүү делген жетекчиси көз жумганын тастыктады

На русском
09:57, 18-март, 2026 485

АКИpress - Ирандын Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Али Ларижани каза болгонун анын кеңсеси тастыктады. Али Ларижани өлкөдөгү эң таасирдүү жетекчилердин бири болчу.

Өлкөнүн президенти Масуд Пазешкиан Али Ларижанинин өлүмү үчүн өч алууга убада берди. 

Ирандын «Tasnim» агенттиги билдиргендей, Али Ларижани менен бирге анын уулу жана катчынын коопсуздук кызматынын башчысы каза болгон. Иран бийлиги Али Ларижанинин өлүмүнүн себебин ачыктаган жок.

Буга чейин Израилдин коргоо министри Исраэл Кац Али Ларижани Тегеранга жасалган чабуул учурунда өлтүрүлгөнүн билдирген.

Израилдин коргоо армиясы «Басидж» аскердик түзүмүнүн командири Голамреза Сулеймани да каза болгонун билдирди. Шейшемби күнү кечинде Ислам революциясынын сакчылар корпусу Сулейманинин өлүмүн расмий тастыктады.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»