12:14, 18-март, 2026

Минкаб Суу ресурстары кызматына «Toyota LC250» үлгүсүндөгү унааны өткөрүп берет

На русском
09:53, 18-март, 2026 233

АКИpress - Министрлер кабинети 2026-жылдын 3-мартындагы № 131-т тескемеси менен мамлекеттин менчигине Toyota LC250 үлгүсүндөгү (ак түстөгү, 2025-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын көлөмү 2393 см³) унааны өткөрүп алууну, андан ары аны Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматына оперативдүү башкарууга берүүнү тапшырды.

Документке ылайык, Мамлекеттик бажы кызматы Германиянын эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) арызынын негизинде унааны мамлекеттин пайдасына баш тартуу боюнча бажы жол-жобосуна жайгаштырууга тийиш.

Андан ары Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине баалоо жүргүзүп, транспорт каражатын мамлекеттин балансына алуу жана аны Суу ресурстары кызматына өткөрүп берүү тапшырылды.

Тескеменин аткарылышын көзөмөлдөө Президенттик администрациянын президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын контролдоо башкармалыгына жүктөлдү.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»