15:28, 18-март, 2026

Кубанычбек Иманалиев Бишкектин биринчи вице-мэри болуп дайындалды

На русском
09:44, 18-март, 2026 396

АКИpress - Иманалиев Кубанычбек Бактыбекович Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.

Буга чейин бул кызматты Мирланбек Байгончоков аркалап келген, ал 17-мартта  эмгек министринин орун басары болуп дайындалды.

Ал эми Иманалиев 2023-жылдын февралынан 2026-жылдын февралына чейин Манас шаарынын биринчи вице-мэри болуп эмгектенген.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»