15:28, 18-март, 2026

АКШнын союздаштары Иран менен согушка кошулуудан баш тартышты, - Трамп

На русском
09:42, 18-март, 2026 494

АКИpress - АКШнын президенти Дональд Трамп НАТОдогу союздаштар Вашингтонго Иран менен согушууга катышпай жана Ормуз кысыгындагы коопсуздукту камсыз кылбай тургандыгын билдиришкенин айтты. Бул тууралуу ал 17-мартта Truth Social социалдык тармагына жазган.

Трамп таң калбаганын, анткени ал НАТО АКШга жардам бербейт деп ар дайым ойлоп келгендигин билдирди.

«Биз жыл сайын бул өлкөлөрдү коргоого жүздөгөн миллиард доллар коротобуз, ал эми алар биз үчүн, айрыкча биз муктаж болгондо, эч нерсе жасашпайт.

«[Жакынкы Чыгыштагы] аскердик ийгиликтерибизден улам бизге НАТО өлкөлөрүнүн жардамы кереги жок жана эч качан керек болгон эмес!», - деди ал.

«Reuters» агенттиги жазгандай, Трамп Ак үйдө Ирландиянын премьер-министри Михол Мартин менен жолугушуу учурунда НАТО өлкөлөрүнүн чечимин акылсыздык деп атады.

«Баары биз менен макул, бирок эч ким жардам бергиси келбейт. Биз муну эстеп калышыбыз керек», - деди ал.

Трамп азырынча жооп кайтаруу тууралуу пландары жок экенин айтты.

Буга чейин Трамп АКШ НАТОдон чыгарын айткан, бирок 17-марттагы билдирүүлөрүндө бул маселени көтөргөн жок.

Дональд Трамп 15-мартта союздаштарды АКШга жардам берүүгө жана дүйнөлүк мунай заттын 20% өткөн Ормуз кысыгындагы коопсуздукту камсыз кылууга чакырган. Ирандын чабуулдарынан улам кысык аркылуу жүк ташуу дээрлик токтоп калган. Бирок Германия жана Улуу Британия кысыкты ачуу үчүн кемелерин жөнөтпөй тургандыгын билдиришкен.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»