12:33, 18-март, 2026

Нуржан Жетибаев Кыргызстандын футзалчыларын машыктырууну улантат

На русском
09:23, 18-март, 2026 205

АКИpress - Кыргыз футбол биримдиги футзал боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Нуржан Жетибаев менен келишимдин мөөнөтү узартылганын жарыялады.

Жетибаев менен келишим эки жылга узартылды. Ошондой эле ал өлкөдө футзалды өнүктүрүү боюнча директор болуп да дайындалды.

Жетибаев башкы машыктыруучу болуп 2025-жылдын октябрь айында дайындалган. Ал команданы 2026-жылдын январь айында Индонезияда өткөн Азия кубогунуна даярдаган.

Кыргызстандыктар Азия кубогунда Ирак жана Индонезияга утулуп, Кореяны жеңишкен, бирок тайпадан чыга алышкан эмес.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»