16:28, 18-март, 2026

Африка кубогу Сенегалдан алынып, Мароккого берилди

На русском
08:47, 18-март, 2026 305

АКИpress - Африка футбол конфедерациясынын (CAF) расмий сайтында Сенегал курама командасына Африка кубогунун финалында техникалык жеңилүү ыйгарылганы тууралуу маалымат жарыяланды.

«Апелляциялык кеңеш 2025-жылдагы Африка кубогунун финалында Сенегал курама командасы Мароккого каршы 3:0 эсебинде утулду деп чечти. Жеңиш Мароккого ыйгарылды», - деп айтылат билдирүүдө.

Мелдештин финалында Сенегал курама командасы оюндун негизги убактысына кошумчаланган мүнөттөрдө марокколук Браим Диаска каршы эреже бузуу үчүн белгиленген пенальтиден кийин талааны таштап кеткен. Оюн 13 мүнөттөн кийин уланып, 1:0 эсебинде Сенегал курама командасынын жеңиши менен аяктаган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»