04:55, 18-март, 2026

Бишкекте Профсоюз көчөсүндө жол курууга тоскоол болгон объектилер алынууда

На русском
16:44, 17-март, 2026 536

АКИpress - Бишкекте Профсоюз көчөсүн кеңейтүүгө тоскоолдук жараткан объектилерди алуу иштери уланууда. Бул тууралуу 17-мартта борбор калаанын мэриясы билдирди.

Мэриянын жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы көчөнүн эки тарабында муниципалдык аймакка чыгып кеткен объектилерди аныктап, бузуу иштерин жүргүзүүдө.

Өткөн аптада 58 капиталдык тосмо, 17 капиталдык пайдубал, 41 жеңил типтеги тосмо, 22 даараткана, 14 чарбалык курулуш, ошондой эле эки павильон жана бир контейнер алынды.

Мэрия бул багыттагы иштер улантыларын кошумчалады.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»