04:37, 18-март, 2026

Бишкекте Ауэзов көчөсү көрктөндүрүлөт

На русском
15:57, 17-март, 2026 208

АКИpress - Бишкектин вице-мэри Рамиз Алиев Ауэзов көчөсү көрктөндүрүлөрүн билдирди.

Анын айтымында, Ауэзов көчөсүнүн Анкарадан Жибек Жолуна чейин көрктөндүрүлөт.

«Батыш тарабына бакча, чыгыш тарабына жашыл зона уюштуруу пландалууда. Бул шаардын чыгыш дарбазасы болот, ал жаңы акы төлөнүүчү Чыгыш айланма жолу менен кошулат», - деди вице-мэр.

Ошондой эле эски теректер кыйылып, анын ордуна 2-5 метрлик көчөттөр  отургузулат. Жашылдандыруу иштери башталды. Жашыл зонанын аймагында жайгашкан павильондор алынат.

Алиев бул жерде скважина пайда болгонун жана сугат боюнча көйгөй болбой турганын белгиледи.

Ал бир нече күн мурда алынган 24 павильондун ээлеринин нааразычылыгына да токтолду.

«Мурда шаардыктар тротуарда соода кылышкан. 2015-2017-жылдары жолду реконструкциялоо учурунда шаардыктар жашыл зонадан бир орун алышкан. Андан кийин келишим узартылып келген. Баардыгынын кепилдик каттары бар, ага ылайык, алар каалаган убакта аймакты бошотууга убада беришкен, анткени бул жашыл зона. Тилекке каршы, 10 жылдан ашык иштеп, көнүп калышты. Мэрдин тапшырмасы боюнча биз аларга «Чынар» жана «Аламүдүн» базарларынан орундарды сунуштадык, бирок алар баш тартышты. Мэриянын чечими менен келишимдер токтотулуп, 24 объект алынды. Алардын ордуна кичи бакча пайда болот», - деди вице-мэр.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»