00:38, 18-март, 2026

Өзбекстан Иранга гуманитардык жардам жөнөттү

На русском
14:36, 17-март, 2026 388

АКИpress - Өзбекстандын бийлиги Иранга азык-түлүк, дары-дармектен турган гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Жүккө ун, күрүч, шекер, кесме азыктары, күн карама майы, консерва сыяктуу азык-түлүктөр, ошондой эле дары-дармек жана медициналык буюмдар кирди», - деп белгиленет ведомствонун Telegramдагы билдирүүсүндө.

Өзбекстандын бийлиги бул демилге эки өлкөнүн ортосундагы достук, тилектештик жана өз ара жардамдашуу салттарынын жаркын көрүнүшү болгонун белгиледи. Буга чейин өзбек тарап Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна тынчсыздануусун билдирип, жаңжалды дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»