00:40, 18-март, 2026

Ысык-Көлдөгү жарым миллиардык «Кырчын» турбазасы мамлекетке кайтарылды

На русском
11:41, 17-март, 2026 321

АКИpress - Ысык-Көл облусундагы «Кырчын» турбазасы мамлекеттик менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, 1997-жылы Кырчын капчыгайында жайгашкан бул турбаза мыйзам талаптарын одоно бузуу менен жеке жана юридикалык жактарга берилип кеткени аныкталган.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында жалпы баасы 501 млн сомду түзгөн мүлк, ошондой эле 11 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»