17:02, 19-март, 2026
Учурда окулуп жатат
15:09, 19-март, 2026 (40 адам окуп жатат)
Камчыбек Ташиев сурактан чыкты
10:48, 19-март, 2026 (14 адам окуп жатат)
Камчыбек Ташиев өлкөгө келип, сурак берип жатат

Айып пул төлөбөгөндөрдүн кызмат алуусуна чектөө киргизүү сунушталууда

На русском
10:20, 17-март, 2026 543

АКИpress - Ички иштер министрлиги укук бузуулар боюнча электрондук протоколдорго өтүүнү жана айып пулду төлөбөгөндөргө чектөөлөрдү киргизүүнү сунуштады.

Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Азыркы мыйзам боюнча кызматкерлер протоколду кагазга чыгарып, кол койдурганга милдеттүү. Ошондуктан толук түрдө электрондук форматка өтүү мүмкүн болбой жатат. Жаңы мыйзам долбоору ушул жагдайды өзгөртүүнү сунуштайт.

Электрондук протоколдорду тариздөө тартибин Министрлер кабинети бекитет. ИИМ «Кызмат» мамлекеттик мекемеси менен бирге атайын мобилдик тиркеме да иштеп чыгууда. Ошол эле учурда кагаз түрүндөгү протоколдор запастагы вариант катары сакталат.

ИИМде мындай чараларды күчөтүү зарылдыгы статистикага байланыштуу экенин билдиришти. 2025-жылы 1,4 млн протокол түзүлүп, алардын ар бир бешинчиси — болжол менен 204 миң айып пул — төлөнбөй калган. Ошондуктан мыйзам долбоорунда айып пулду төлөбөгөндөргө унааны каттоодон өткөрүүдөн жана айдоочулук күбөлүк берүүдөн баш тартуу, кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттабоо, ошондой эле лицензиялар менен уруксаттарды берүүдөн жана узартуудан баш тартуу сунушталууда.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»