АКИpress - Новосибирск облусунда малдын арасында кутурма жана пастереллез оорулары аныкталганына байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу облустук айыл чарба мекемесинин башчысы Андрей Шинделов 16-мартта билдирди.
Бир апта мурда жергиликтүү тургундардын арасында малды жок кылууга каршы нааразычылык башталган.
Шинделовдун айтымында, өзгөчө кырдаал 16-февралда эле киргизилген жана бийлик өтө кооптуу ооруну локалдаштыруу, жоюу боюнча чараларды көрүп жатат. Фермерлердин малын конфискациялап, жок кылуу иши март айынын башында башталган.
Бийлик малды эмдөөгө чакырып, милдеттүү түрдө компенсация төлөп берүүнү убадалаган. Жыл башынан бери облуста кутурманын 42 очогу катталган, беш райондо карантин жарыяланган.
Бийликтин иш-аракеттерине макул болбогон активисттердин маалыматы боюнча, 2026-жылдын мартына карата Новосибирск облусунда 2000 баш мал союлган (Козиха, Новоключи, Лукошино, Калиновка айылдарында). Жалпысынан жыл башынан бери 5800 мал жок кылынган (Омск, Пенза облустары жана Алтай Республикасында да).
Бул Россиянын азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч келтирет жана менчик ээлеринин конституциялык укуктарын бузат», - деп билдиришкен нааразы болгондор.
Малды конфискациялоого каршы нааразычылыктар 7-мартта эле башталган: Новопичугово айылында бийликтин иш-аракеттерине макул болбогон тургундар атайын техниканын жолун тосуп, уйларды жок кылууга жол берген эмес. Ушундай акциялар башка айылдарда да болгон. Турмуш-тиричилиги жаныбарлардан көз каранды болгон айыл тургундары анализ жүргүзбөй туруп эле малды алып кетип жатышканына нааразы болушкан.
Андан кийин Орда районунун Козиха айылынын тургундары Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкинге жана президент Владимир Путинге бийликтин иш-аракеттерине даттанып кайрылуу жазышкан. Тергөө комитети чиновниктерге карата текшерүү жүргүзгөн.
Бирок, «Mash» жазгандай, 11-марттан баштап полиция жолдорду тосуп, малды жок кылууга нааразы болгон тургундарды кармап баштады. Кармалгандардын арасында нааразычылыктарды чагылдырган журналисттер да бар.
«Биз дени сак уйларды өрттөтпөйбүз. Анализ алгыла. Анда бизди да уйлар менен кошо өрттөгүлө», - деп билдиришкен облустун тургундары.
Айыл чарба рыногунун өкүлүнүн айтымында, пастереллез анчалык коркунучтуу эмес жана малды жапырт союуну талап кылбайт. Ал эми шарп чоң тобокелдиктерди жаратат.