АКИpress - Баткен облусундагы «Кызыл-Кыя–автожолу» текшерүү постунда чет өлкөдөн импорттолуп келген 82 миң 830 даана көчөттөн мыйзам бузуу аныкталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Тактап айтканда, фитосанитардык көзөмөл жүргүзүү учурунда көчөттөрдүн таңгагында тиешелүү маркировка жок экени аныкталган.
Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин 2016-жылдын 30-ноябрындагы №157 чечимине ылайык, карантинге алынган продукциянын ар бир таңгагында анын аталышы, чыгарылган өлкө, экспорттоочу же реэкспортер өлкө тууралуу маалымат камтылышы керек.
Аталган талаптардын бузулушуна байланыштуу жүк ЕАЭБдин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарына жооп бербейт деп табылып, толугу менен артка кайра кайтарылды.