14:51, 19-март, 2026

Пакистан Кабулга сокку урду. Ооганстан оорукана чабуул болгонун билдирди

На русском
09:45, 17-март, 2026 409

АКИpress - Ооганстан бийлиги 16-мартта пакистандык аскерлер Кабулга сокку урганын билдирди. «Талибандын» өкүлү Забихулла Мужахид чабуулду кылмыш жана адамгерчиликсиздик актысы деп атады, деп жазат «AFP».

Ооганстан бийлиги наркология борборуна сокку болгонун «Associated Press» агенттигине билдирген. Ооган бийлигинин маалыматы боюнча, кеминде 400 адам каза болуп, 250гө жакын киши жаракат алган.

«CNN» телеканалынын маалыматына караганда, сокку жергиликтүү убакыт боюнча саат 21:00 чамасында болгон. 2000 орундуу борбордун имаратынын олуттуу бөлүгү талкаланган.

Пакистан айыптоолорду четке кагып, аларды жалган деп атады. Маалымат министрлигинин билдирүүсүндө, соккулар Ооганстандын аймагында иш алып барган пакистандык согушкерлердин базаларын кошо алганда, террорчуларды колдоочу аскердик объектилерге жана инфраструктураларга гана багытталгандыгы айтылат.

22-февралда Пакистан «Техрик-и-Талибан Пакистан» тобунун позицияларына сокку ургандан кийин эки өлкөнүн ортосундагы жаңжал курчуду. Бир нече күндөн кийин 2021-жылдан бери Ооганстанда бийликте турган «Талибан» кыймылы Пакистандын чек ара аймактарына чабуул койгон. Буга жооп катары Исламабад талибдерге каршы ачык согуш жарыялаган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»