16:24, 19-март, 2026
Учурда окулуп жатат
15:09, 19-март, 2026 (38 адам окуп жатат)
Камчыбек Ташиев сурактан чыкты
10:48, 19-март, 2026 (5 адам окуп жатат)
Камчыбек Ташиев өлкөгө келип, сурак берип жатат

Кыргызстанда сутка ичинде 7 өрт катталды

На русском
09:44, 17-март, 2026 217

АКИpress - Өткөн сутка ичинде Кыргызстандын аймагында 7 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 7 бөлүм тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өрттөр:

  • Ысык-Көл облусунда — 3,
  • Бишкекте — 2,
  • Чүй жана Талас облустарында — 1ден катталды.

Бишкек шаарындагы учурлар:

Ак-Ордо-3 конушунун Аксы көчөсүндө жалпы аянты 25 чарчы метрди түзгөн эки бөлмөнүн желим шыбы, терезе, эшик, ноутбук, жылыткыч жана тиричилик буюмдары күйгөн.

Новопавловка айылынын Почтовая көчөсүндө үйдүн жанындагы жыгач мамыча өрттөнгөн.

Өрттөрдүн себептери такталууда. 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»