18:40, 19-март, 2026
Учурда окулуп жатат
10:48, 19-март, 2026 (6 адам окуп жатат)
Камчыбек Ташиев өлкөгө келип, сурак берип жатат

Жакынкы Чыгыштан Кыргызстанга 3,5 миңден ашуун жаран кайтып келди

На русском
09:40, 17-март, 2026 376

АКИpress - 14-мартта Кувейт, Бахрейн жана Катардан төртүнчү атайын эвакуациялык авиарейс менен Кыргыз Республикасынын 142 жараны аман-эсен кайтарылды. Ошондой эле дагы 24 жаран Стамбул аркылуу мекенге кайтып келишти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Буга чейин маалымдалгандай, Жакынкы Чыгышта болжол менен 22 миңдей Кыргыз Республикасынын жараны жүргөн.

«Жалпысынан 5 атайын эвакуациялык авиакаттам уюштурулуп, алардын жардамы менен Эр-Рияд жана Дубай шаарларынан, ошондой эле Катар, Кувейт жана Бахрейн мамлекеттеринен Кыргызстандын 592 жараны кайтарылды. 

Атайын эвакуациялык авиарейстерден тышкары жарандардын көбү кадимки авиакаттамдар аркылуу өз алдынча кайтып келишти. Бүгүнкү күнгө карата Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринен Кыргызстанга өз алдынча кайтып келген жарандардын саны 3000ден ашты.

Кыргызстанга учуп келүү үчүн негизги транзиттик пункттар болуп Эр-Рияд жана Жидда шаарлары эсептелет. Жарандар Перс булуңундагы коңшу мамлекеттерден Сауд Арабиясына жер үстүндөгү транспорт же аймактык авиакаттамдар аркылуу келип, андан ары Бишкек шаарына уча алышат. Каттамдарды «Flydubai», «Pegasus Airlines», «Flynas» жана «Turkish Airlines» сыяктуу авиакомпаниялар аткарып, башка өлкөлөрдүн эл аралык аэропорттору аркылуу транзит менен ишке ашырылышы мүмкүн», - дейт Тышкы иштер министрлиги.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»