16:24, 19-март, 2026
Учурда окулуп жатат
15:09, 19-март, 2026 (37 адам окуп жатат)
Камчыбек Ташиев сурактан чыкты
19:53, 18-март, 2026 (6 адам окуп жатат)
Бакыт Төрөбаев жаңы кызматка дайындалды

Куба жарыксыз калды

На русском
09:28, 17-март, 2026 597

АКИpress - Кубанын Энергетика министрлиги өлкөдө электр энергиясы толугу менен өчкөнүн билдирди. Бул АКШ аралга мунай берүүнү токтоткондон бери биринчи жолу жалпыга бирдей электр жарыгын өчүрүү болду. Бул тууралуу «Коммерсант» басылмасы кабарлайт.

«Улуттук электр энергетикалык тутуму толугу менен өчтү. Учурда себептери такталып, кайра калыбына келтирүү протоколдору ишке киргизилүүдө», - деп айтылат мекеменин X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө.

Электр энергиясынын масштабдуу өчүшү акыркы бир нече жылдан бери байкалууда. «CNN» белгилегендей, кубалык чиновниктер муну АКШнын экономикалык санкциялары менен байланыштырышат. Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, күйүүчү май берүүнүн блокадасы өлкөдөгү энергетикалык каатчылыкты курчутуп, маал-маалы менен жарыктын өчүшүнө алып келген.

29-январда АКШ президенти Дональд Трамп улуттук коопсуздукка коркунуч келтирилгендигине байланыштуу Кубага мунай жеткирүүгө алымдарды киргизүүгө жол ачкан жарлыкка кол койгон. Дээрлик үч айлык блокададан кийин электр энергиясынын өчүшү суткасына 15 саатка чейин көбөйүп, өндүрүш жана мекемелердин иши олуттуу түрдө кыйындады, ал эми калк тамак-аш тартыштыгына дуушар болууда. 13-мартта Кубанын президенти Мигель Диас-Канел чечүүнү талап кылган эки тараптуу маселелерди аныктоо үчүн АКШ менен сүйлөшүүлөр жүргөнүн билдирди.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»