17:47, 19-март, 2026

Усман Капаров Тайланддагы мелдеште коло байге утту

На русском
08:50, 17-март, 2026 290

АКИpress - Кыргызстандык спортчу Усман Капаров Тайландда өткөн бокс боюнча эл аралык мелдеште 3-орунду ээледи.

19 жашка чейинки спортчулардын арасында өткөн «World Boxing Futures Cup» мелдеши 8-15-март аралыгында Бангкок шаарында өттү.

Капаров 80 кг чейинки салмак категориясында беттешип, коло медалга ээ болуп, 3-орунду багындырды.

80 кг чейин

1/4 финал

Усман Капаров - Абделмажид Хуари (Алжир) — 4:1 (28-29, 29-28, 29-28, 29-28, 30-27)

Жарым финал

Тимур Тайбеков (Казакстан) - Усман Капаров — 5:0 (30-27, 30-27, 30-27, 30-27, 30-27)

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»