АКИpress - Кыргызстандык спортчу Усман Капаров Тайландда өткөн бокс боюнча эл аралык мелдеште 3-орунду ээледи.
19 жашка чейинки спортчулардын арасында өткөн «World Boxing Futures Cup» мелдеши 8-15-март аралыгында Бангкок шаарында өттү.
Капаров 80 кг чейинки салмак категориясында беттешип, коло медалга ээ болуп, 3-орунду багындырды.
80 кг чейин
1/4 финал
Усман Капаров - Абделмажид Хуари (Алжир) — 4:1 (28-29, 29-28, 29-28, 29-28, 30-27)
Жарым финал
Тимур Тайбеков (Казакстан) - Усман Капаров — 5:0 (30-27, 30-27, 30-27, 30-27, 30-27)