19:59, 19-март, 2026

Сүрөт – Мыктыбек Оролбай уулунун бешинчи жеңиши

На русском
08:45, 17-март, 2026 865

АКИpress - Кыргызстандык мушкер Мыктыбек Оролбай уулу (16-2) UFCде кезектеги жеңишине жетишти.

15-мартка караган түнү АКШнын Невада штатындагы Лас-Вегас шаарында UFC Fight Night 269 турнири өттү.

Алдын ала карддын соңку беттешинде октагонго Оролбай уулу жана АКШдан Крис Кёртис (32-13) чыгышты.

Үч раунддун жыйынтыгы боюнча, калыстардын чечими менен кыргызстандык өкүл жеңүүчү деп табылды.

Бул Оролбай уулу үчүн катары менен үчүнчү, ал эми дүйнөнүн мыкты лигасындагы бешинчи жеңиши болду.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»