АКИpress - Кыргызстандык мушкер Мыктыбек Оролбай уулу (16-2) UFCде кезектеги жеңишине жетишти.
15-мартка караган түнү АКШнын Невада штатындагы Лас-Вегас шаарында UFC Fight Night 269 турнири өттү.
Алдын ала карддын соңку беттешинде октагонго Оролбай уулу жана АКШдан Крис Кёртис (32-13) чыгышты.
Үч раунддун жыйынтыгы боюнча, калыстардын чечими менен кыргызстандык өкүл жеңүүчү деп табылды.
Бул Оролбай уулу үчүн катары менен үчүнчү, ал эми дүйнөнүн мыкты лигасындагы бешинчи жеңиши болду.