01:24, 17-март, 2026

Эски аэропорттун аймагындагы айрым үйлөрдө 17-мартта суу болбойт

На русском
20:04, 16-март, 2026 190

АКИpress - 17-мартта Чыңгыз Айтматов көчөсү менен Апсамат Масалиев көчөсү кесилишкен жердеги айрым үйлөрдө ичүүчү сууну берүү убактылуу токтотулат.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, суу саат 09:00дөн 16:00гө чейин өчүрүлөт.

Үйлөрдүн тизмеси:

  • Ч. Айтматов к. 93/1; 93/2; 93/3; 93/4; 93/5; 93/6.
  • Т. Токтоналиев көч. 139/3; 157; 153; 153/3; 155.
  • Т. Океев көч. 39/3; 39/4; 39/8; 39/7; 39/6.

Суунун өчүрүлүшү «Аэропорт» суу алуучу жайындагы оңдоп-түзөө жана алдын алуу иштерине байланыштуу.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»