04:15, 17-март, 2026

Кайрат Маматов Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы болуп дайындалды

На русском
19:01, 16-март, 2026 519

АКИpress - Кайрат Маматов Экономика министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу 16-мартта Президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Буга чейин, 2023-жылдын 3-майынан тартып, кызматты Марат Пирназаров жетектеп келген.

Маматов 2024-2026-жылдары «Кыргызкөмүр» ишканасын жетектеген.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»