01:06, 17-март, 2026

Министрлик Орто-Сай айылындагы көрүстөнгө жакын жерге үй курса болорун билдирди

На русском
18:52, 16-март, 2026 525

АКИpress - Курулуш министрлиги Орто-Сай айылында ден соолукту чыңдоочу борбордун курулушуна байланыштуу чуңкур каздыруу иштерин токтотту.

Аталган объектте «Ширин Бизнес Групп» ЖЧКсы курулуш иштерин жүргүзүп жаткан.

Буга чейин депутат Жаныбек Асанбеков социалдык тармактардагы баракчасында Орто-Сай айылында көрүстөндүн жанында турак үй курулуп жатканын, муну менен мыйзам бузуулар болгондугун билдирген. Анын айтымында, курулуп жаткан имараттардын көрүстөнгө чейинки аралыгы болжол менен 26 метрди түзөт, ал эми санитардык ченемдер боюнча минималдуу аралык 100 метрден кем болбошу керек. Ошондой эле, ал уруксат берүүчү документтер мыйзам бузуулар менен берилгендигин жана жергиликтүү тургундардын айтымында, көрүстөн иштеп жаткандыгын кошумчалаган.

Буга жооп катары Курулуш министрлиги Иманалиев көчөсүндө 4 кабаттуу турак үйдүн курулушу 2 жыл мурун «Нурзаман» компаниясы тарабынан башталганын билдирди. Бишкек шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгына Таш-Дөбө айыл өкмөтүнөн аталган көрүстөн жабык деп эсептелгендиги тууралуу расмий аныктама берилген.

«Уруксат берүүчү документтер берилген учурда көрүстөн расмий түрдө жабык деп эсептелген. Бул макам болбогон учурда курулушка уруксат берүүчү документтер берилмек эмес. Министрликтин компетенциясына жабык көрүстөндөрдөгү сөөк коюу иштерин көзөмөлдөө кирбейт», - деп түшүндүрүштү министрликтен.

Көрүстөн менен курулуш объектисинин ортосундагы аралык министрлик тарабынан топографиялык съемканын негизинде аныкталган.

«Санитардык ченемдерге ылайык, жабык көрүстөндөр үчүн санитардык-коргоо зонасы 50 метрден кем эмес болушу керек. Топографиялык съемканын маалыматтары боюнча, объектилердин ортосундагы аралык 60-70 метрди түзөт, бул тийиштүү материалдар менен тастыкталат.

Аталган объектте курулуш иштери мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүлүп жаткандыктан, алар белгиленген тартипте улантылат. Ошол эле учурда, мурда жабык деп белгиленген көрүстөндөгү жерге сөөк коюу фактылары тийиштүү ыйгарым укуктуу органдар тарабынан белгиленген тартипте каралат», - деп кошумчалашты Курулуш министрлигинен.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»